Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-июну № 24/5
Чолпон айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Н.Жусупбеков менен жеке ишкер Байтереков Курманбектин ортосунда “Чоң-Туз” спелеолечебницасын 25-жылга арендага берүү жөнүндө 25.01.2000-жылы түзүлгөн келишимдин милдеттеринин аткарылышы жөнүндө
Айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы, башкы эсепчи Ш.Ташматовдун 25.01.2000-жылы ошол мезгилдеги Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жусупбеков менен жеке ишкер Байтереков Курманбек экөөнүн ортосунда “Чоң-Туз” спелеолечебницасын 25-жылга арендага берүү жөнүндөгү келишимде экинчи тараптын (К.Байтерековдун) милдеттери аткарылбай жаткандыгы жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Н.Жусупбеков менен жеке ишкер Байтереков Курманбектин ортосунда 25.01.2000-жылы “Чоң-Туз” спелеолечебницаны 25-жылга арендага берүү жөнүндө түзүлгөн эки тараптуу келишимдин талаптары экинчи тараптан (К.Байтереков) аткарылбагандыктан келишимди бир тараптуу бузуу жагы айыл өкмөт башчысы К.Букаровго тапшырылсын.
2. Токтомдун көчүрмөсү Байтереков Курманбекке маалымат катары жөнөтүлсүн.
Төрага | Б. Жапаров |