Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-августу № 25/3
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча типтүү келишим жөнүндө
Каралуучу маселе боюнча Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Букаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетекчиси Замирбек уулу Жакшылык менен Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Букаров Канатбек Батырбековичтин “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү” эки тараптуу түзүлгөн типтүү келишимдин шарттары жактырылсын жана 01.08.2016-жылдан баштап аткарууга алынсын.
2. Келишимдин талаптарына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча №2 тиркемеде белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен отчет тапшыруу жумуштары катуу көзөмөлгө алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 19.12.2014-ж №715 токтомуна ылайык Республикалык бюджеттен берилүүчү финансылык каражатты каралган берене (статья) боюнча максаттуу пайдалануу жагы башкы эсепчи Ш.Ташматовго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Жапаров |