Редакцияот 22.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2016-жылдын 22-августу № 26/2

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү” боюнча типтүү келишим жөнүндө

Каралуучу маселе боюнча Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Букаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору М.Пратова менен Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Букаров Канатбек Батырбековичтин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү” эки тараптуу түзүлгөн типтүү келишимдин шарттары жактырылсын жана 01.09.2016-жылдан баштап аткарууга алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча келишимдин талаптарына ылайык иш алып барууну айыл өкмөттүн жооптуу катчысы К.Байтелиевге жүктөө жагы айыл өкмоттүн башчысы К.Букаровго сунушталсын.

3.Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн 19.12.2014-жылдагы №715 токтомуна ылайык Республикалык бюджеттен берилүүчү финансылык каражатта каралган берене (статья) боюнча максаттуу пайдалануу, кызматкерге берилүүчу эмгек акысынын өлчөмүн тиркемеге ылайык эсептеп чыгуу жагы башкы эсепчи Ш.Ташматовго тапшырылсын.

 

Төрага

Б. Жапаров