Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-августу № 26/3
Мал ылаңына каршы жуундуруучу (купка) жайын уюштуруу жөнүндө
Каралуучу маселе боюнча Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У. Өмүрбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон айыл өкмөтүнүн “Мал ылаңына каршы жуундуруучу жай (купка) уюштуруу” чакан долбоору АРИСке сунушталсын.
2.Мал ылаңына каршы жуундуруучу жайга (купкага) жер аянтын тактап, бөлүп берүү жагы айыл өкмөт башчысы К. Букаровго тапшырылсын.
Төрага | Б. Жапаров |