Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-ноябры № 27/3
Туз айылындагы “Чоң-Туз” дарылоо-санаториясын (спелеолечебница) арендага берүү жөнүндө
Туз айылындагы “Чоң-Туз” дарылоо-санаториясынын (спелеолечебница) бүгүнкү күндөгү абалын, менчик фирмалар ортосунда талаш-тартыш маселелери жаралып, талапка ылайык иш жүрбөй жатканын, санаторияны толук кандуу иштетиш үчун кесипкөй, жаратылыштын адам баласына ыроологон касиеттүү белегин туура пайдаланып, дүйнөлүк аренага алып чыгууга мүмкүнчүлүгү бар адамдар менен иш жүргүзүү бүгүнкү күндүн талабы экендигин, мындай мүмкүнчулүк Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине караштуу Салттуу эксперименттик медицинанын эл аралык акедемиясынын президенти О.Н.Нарбековдо бар экендигин айыл окмөттүн башчысы К.Букаров баса белгилеп өттү. Букаров Канатбекттин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чоң-Туз” дарылоо-санаториясын (спелеолечебица) ишке киргизүүдө жумшаган зор эмгегин, бүгүнкү күндөгү ишти жөнгө салууга чоң мүмкүнчулүгүн эске алуу менен “Чоң-Туз” дарылоо- санаториясын (спелеолечебица) иштетүү К.Р. саламаттык-сактоо министрлигине караштуу Салттуу эксперименттик медицинанын эл аралык акедемиясынын президенти О.Н. Нарбековго 10(он) жылдык мөөнөтко келишимдин негизинде ижарага (арендага) берилсин.
2. Эки тараптуу келишимдин шарттарын макулдашуу жолу менен иштеп чыгып, мыйзамдаштыруу аракеттерин көрүү жагы айыл өкмот башчысы К.Букаровго тапшырылсын.
Төрага | Б. Жапаров |