Загрузка документа…
ЖАҢЫ- НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын 29-сессиясы
2016-жылдын 11-июну № 2
Табигый кырсыктарга дуушар болгон айыл чарба жер аянттарын жер салыгы жана ижара акысынан бошотуу жөнүндө
2016-жылдын жаз айларында болгон табигый кырсык нөөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасында сел чыгып, сугат айдоодогу 12.70 га жерге айдалган эгиндерди сел жууп кеткен. Анын ичинен кайра бөлүштүрүү фонд жерлеринин көлөмү 5.20 га жерди түзөт. Тамарка жерлердин көлөмү 0 40 га, үлүш жерлердин көлөмү 3.55 га. Бардык зыяндын суммасы 43900(кырк үч миң тогуз жүз) сомду түзгөндүгүн карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокатайылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын жаз айларында болгон табигый кырсыктарга дуушар болгон 12.70 га айыл чарба жер аянттардын бардыгы болуп 43900 сом зыян тарткандыгы үчүн жер салыгы жана ижара акысынан бошотулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет маселери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имомов |