Загрузка документа…
ЖАҢЫ- НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын 29-сессиясы
2016-жылдын 11-июну № 4
Сахаба эс алуу багындагы кайра бөлүштүрүү фонд жерлерин ижарага берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы "Сахаба" эс алуу багындагы жерлер, мурда парк сквер категориясында болгон. Жер реформасы жүргүзүлгөн убакытта көп жылдык бак категориясына катталып калгандыгына байланыштуу, ал жерди көп жылдык бак эсебинде айыл тургундарына ижарага берилиши керек. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча ижарага берилүүчү кайра бөлүштүрүү фонд жерлери 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилет.
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү тарабынан "Сахаба эс алуу" багындагы жерди парк сквер категориясына которуу боюнча жогорку органдарга кайрылып сунуштар берилген. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан жерди пайдалануу багыт категориясына өзгөртүрүлүп берилгенге чейин убактылуу ижарага берүү мөөнөтүн белгилөө маселесин карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык кеңештин кезектен тышкаркы заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Сахаба эс алуу" багындагы жерлерди пайдалануу багытын парк сквер багыты боюнча пайдалануу маселеси жогорку органдарга Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан чечилгенге чейин бир жылдык мөөнөт менен айыл тургундарына ижарага берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн сунушу бекитилсин.
2. "Сахаба эс алуу" багындагы жерлерди айыл тургундарына бир жылдык мөөнөт менен ижарага берүү боюнча атайын комиссия түзүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын
3. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имомов |