Загрузка документа…
ЖАҢЫ- НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын 30-сессиясы
2016-жылдын 2-июлу № 1
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылына балдар бакчасын куруу үчүн ажыратылган 0.23 га жер аянтын максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүп балдар бакчасын куруу үчүн макулдук берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Тейит тургундарынын социалдык жактан тейлөөнү жакшыртуу,элге социалдык шарт түзүү максатында 2015-жылдын 20- ноябрындагы №1 жалпы чогулушунун протоколунун жыйнтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2- декабрындагы №550 токтому менен көрүстөнгө ажратылган 1.10 га жердин айылдын Беш-Коргон тарабындагы турак жай үйлөрдүн күн батыш жагында жайгашкан 0.40 бөлүгүнүн 0.23 га жер аянты азыркы күндүн зарылчыгына байланыштуу Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын №100 30- июнь 2016-жылдагы корутундусуна тапянып пайдалануу багытын өзгөртүп, балдар бакчасын куруу маселесин карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл Тейит айылында балдар бакчасын куруу үчүн ажыратылган 0.23 га жер аянтын максатуу пайдалануу багыты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Кызыл Тейит айылынын Беш-Коргон бөлүмүнө балдар бакчасы куруу үчүн керектелүүчү архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Кызыл Тейит айылынын Беш-Коргон бөлүмүнө балдар бакчасы куруу үчүн керектелүүчү жерге байланышкан юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук жер кадастри жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери жана мыйзамдулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имомов |