Загрузка документа…
ЖАҢЫ- НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын 31-сессиясы
2016-жылдын 10-августу № 1
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.014-жылдагы № 715 токтомунун негизинде Ноокат райондук статистика комитети менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сесиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.014-жылдагы № 715 статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндөгу токтомунун негизинде түзүлгөн Ноокат райондук статистика комитети менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Келишимде көрсөтүлгөн талаптарды өз убагында так аткарууну камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имомов |