Загрузка документа…
ЖАҢЫ- НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын 31-сессиясы
2016-жылдын 10-августу № 2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо Кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан иштелип жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз алдынча башкаруу жана этностар аралык мамилелер иштери боюнча Мамлекеттик Агентиги менен маклдашылган "Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү" тууралуу келишиминин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо Кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан иштелип жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз алдынча башкаруу жана этностар аралык мамилелер иштери боюнча Мамлекеттик Агентиги менен маклдашылган "Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү" тууралуу келишиминин угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 20-жана 31- беренесине ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо Кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан иштелип жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз алдынча башкаруу жана этностар аралык мамилелер иштери боюнча Мамлекеттик Агентиги менен маклдашылган "Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү" тууралуу келишими бекитилсин..
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имомов |