Загрузка документа…
ЖАҢЫ- НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын 31-сессиясы
2016-жылдын 10-августу № 3
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы "Мээрим- таңы" балдар бакчасынын сураныч катын канааттандыруу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү айыл аймагынын Катта -Тал айылынын Шалдырама бөлүмүндө 2016-жылдын август айындан баштап, айыл тургуну Турсунхолов Абдилвоси Хомидовичтин жеке менчик турак-жайын ижарага алып, "Мээрим таңы" балдар бакчасы уюштурган. Азыркы күндө 60 бала тарбияланып жатат. Балдар бакчасында иштеп жаткан тарбиячылардын эмгек акысы толоп берүүдө Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетынде жетышсыз экендигин эсепке алып балдар бакчасынын кызматкерлеринин эмгек акысын мамлекеттик бюджет эсебинен каржылоосуна өткөрүп берүү боюнча маселени карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта-Тал айылынын Шалдырама бөлүмүндө айыл тургуну Турсунхолов Абдилвоси Хомитовичтин жеке менчик турак-жайын ижарага алып уюштурулган "Мээрим таңы" балдар бакчасында иштеп жаткан тарбиячылардын эмгек акысын толоп берүүдө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жетишсиздигин эсепке алып, мамлекеттик бюджеттен каржыланышына сунуш берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын. .
2. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта-тал айылынын Шалдырама бөлүмүндө айыл тургуну Турсунхолов Абдилвоси Хомитовичтин жеке менчик турак-жайын ижарага алып уюштурулган "Мээрым таңы" балдар бакчасынын материалдык-техникалык базасын чындоо үчүн керектелүүчү каражаттар Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылансын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүна тапшырылсын.
Төрага | А. Имомов |