Загрузка документа…
ЖАҢЫ- НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын 32-сессиясы
2016-жылдын 15-сентябры № 1
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылдын экинчи жарым жылдыгындагы милдеттери жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында киреше салыгы 25947.0 сом пландаштырылып, аткарылганы 13108.8 сомду түзөт. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2016-жылга сметасы Р-7015239.7 сом пландаштырылып, аткарылганы 449.6 сомду түзөт. Р-704 780.0 сом пландаштырылып, аткарылганы 510.0 сомду түзөт. Р-706 9424.6 сом пландаштырылып, аткарылганы 2796.0 сомду түзөт. Р-708508.0 сом пландаштырылып, аткарылганы 30.3 сомду түзөт. Р-709 4648 сом пландаштырылып, аткарылганы 1410.0 сомду түзөт. Р 710 2010.0 сом пландаштырылып, аткарылганы 70.0 сомду түзөт.
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы бюджетинин аркарылышын жана келечектеги милдеттерин карап чыгып Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы" жөнүндөгү мыйзамын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында бюджетинин киреше бөлүгү 12395.0 миң сомго,чыгаша бөлүгү 8387.0 миң сомго аткарылгандыгы белгиленип аткарылган иштер канааттандырылдуу деп табылсын.
2. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын экинчи жарым жылдыгындагы милдеттери жөнүндөгү иш арекеттери бекитилсин.
3. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын экинчи жарым жылдыгындагы милдеттери жөнүндөгү иш арекеттерин өз убагында актарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имомов |