Загрузка документа…
ЖАҢЫ- НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын 32-сессиясы
2016-жылдын 15-сентябры № 2
"БУУОП нын " Ош областынын аймагын интеграциялап өнүктүрүү" программасына катышуу үчүн айылдарды тандоо жана тандалган айылда жергиликтүү өнүгүү комитетини түзүү жөнүндө
2016-жылдын 5-августунда өткөрүлгөн жумушчу чогулушунда бекитилген критерийлерге карата баа берүүнүн негизинде айылдарды тандоонун жыйынтыгы жана Жаңы-Ноокат, Кызыл-Тейит айылдарынын жашоочулары тарабынан жергиликтүү өнүгүү комитетинин курамын шайлоо жөнүндө Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы Н Юлчиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Критерийдин негизинде 3 айылдын ичинен 31 жана 22 балл алган Жаңы-Ноокат жана Кызыл-Тейит айылдары БУУОП нын "Ош областынын аймагын интеграциялап өнүктүрүү" программасына катышуу үчүн максатуу айыл деп табылсын.
2. Жаңы-Ноокат жана Кызыл-Тейит айылдарынын жашоочулары сунушталган жергиликтүү өнүгүү комитетинин курамы
3. БУУОП нын " Ош областынын аймагын интеграциялап өнүктүрүү" программасынын алкагында тандалган айылдарды өнүктүрүү максатында натыйжалуу ишмердүүлүктү жүргүзүнүн уюштуруу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
4. Бул токтомду ишке ашырууну көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имомов |