Загрузка документа…
ЖАҢЫ- НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын 32-сессиясы
2016-жылдын 15-сентябры № 3
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 18- декабрындагы № 90 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын сырткы чек араларын бекитүү жөнүндөгү токтому тууралуу
"Кыргызмамжердолбоор" институтунун Ош областтык жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын айыл аймактарын сырткы чекарасын аныктоо жана бекитүү жөнүндөгү катында белгиленген көрсөтмөлөрүн иш жүзүнө ашырууну камсыз кылуу максатындагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 18- декабрындагы № 90 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын сырткы чек араларын бекитүү жөнүндөгү токтому жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13- беренесинин 3-пункутунун негизинде аныкталган Жаңы-Ноокат айыл аймагынын сырткы чек арасы боюнча маселени карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргызмамжердолбоор" институтунун Ош областтыкжерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан белгиленген тартип негизинде даярдалган Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 18- декабрындагы № 90 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын сырткы чек аралары бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештын жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имомов |