Загрузка документа…
ЖАҢЫ- НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын 32-сессиясы
2016-жылдын 15-сентябры № 4
Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2016-2018-жылдарга карата стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө уюштурулган жайыт комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын "Жайыт жөнүндө" мыйзамынын негизинде " Коомчулук менен жайыт башкаруу жана мал чарбасын өнүктүрүү жөнүндөгү" 2016-2018-жылдага карата иштелип чыгылган стратегиялык планын карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы" жөнүндөгү мыйзамын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө уюштурулган жайыт комитетинин " Коомчулук менен жайыт башкаруу жана мал чарбасын өнүктүрүү жөнүндөгү" 2016-2018-жылдага карата иштелип чыккан стратегиялык планы бекитилсин.
2. Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин " Коомчулук менен жайыт башкаруу жана мал чарбасын өнүктүрүү жөнүндөгү" 2016-018-жылдага карата иштелип чыккан стратегиялык пландарында белгиленген чараларды өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жана аткарылган жумуштар боюнча белгиленген убакытта отчетторду берип туруу жагы жаңы-Ноокат жайыт комитетинин жетекчиси М.Юсуповго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имомов |