Загрузка документа…
ЖАҢЫ- НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын 32-сессиясы
2016-жылдын 15-сентябры № 5
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Темир-Корук жолун ремонтоо үчүн бөлүнгөн 100000 сом акчану Темир Корук трансформатору үчүн сараптоого уруксат берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Темир Корук жолун ремонтоо үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн 100000 сом акча каражатын Темир Корук айылына трансформатор орнотуу үчүн сарптоого уруксат берүү жөнүндөгү айыл тургундарынын кайрылууларын карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Темир-Корук жолун ремонтоо үчүн бөлүнгөн 100000 сом акчаны Темир Корук трансформатору үчүн сараптоого уруксат берилсин.
2. Токтомду аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имомов |