Загрузка документа…
ЖАҢЫ- НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын 32-сессиясы
2016-жылдын 15-сентябры № 6
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен "Мыкты көчө" үчүн бөлүнгөн 50000 сом акчаны спорттун жеке күрөшү боюнча Азия мелдешинин женүүчүсү М. Балатаевге ыйгарууга уруксат берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен "Мыкты көчө" үчүн бөлүнгөн 50000 сом акчаны спорттун жеке күрөшү боюнча Азия мелдешинин женүүчүсү М. Балатаевге ыйгаруу боюнча маселени карап чыгып жана талкуулап айыл жаштарын спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен "Мыкты көчө" үчүн бөлүнгөн 50000 сом акчаны спорттун жеке күрөшү боюнча Азия мелдешинин женүүчүсү М. Балатаевге ыйгарууга уруксат берилсин.
2. Токтомду аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имомов |