Загрузка документа…
ЖАҢЫ- НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын 32-сессиясы
2016-жылдын 15-сентябры № 7
Жаңы-Ноокат айылындагы мал базарда сатылуучу чарба малдардан алынуучу жыйым акчасынын суммасын бекитүү жөнүндө
Мал базарында сатылып жаткан малдар үчүн Кыргыз Республикасынын баалар боюнча антимонополия комитети тарабынан 10 сомдон 70 сомго чейин белгиленген жыйымдардын суммасын карап чыгып, орточо бир суммада сатылып жаткан мал жандыктарынан жыйымдар алынышы боюнча маселени талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы" жөнүндөгү мыйзамын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылындагы мал базарда сатылып жаткан ири мүйүздүү малдар жана жылкылар үчүн 50 сомдон, кой-эчкилер үчүн 20 сомдон жыйым топтолушу белгиленсин.
2. Жаңы-Ноокат айылындагы мал базарда сатылып жаткан мал жандыктары үчүн айылдык кеңеши тарабынан белгиленген суммада жыйымдарды топтоо жана белгиленген тартипте финансалык иш арекеттер жүргүзүү жагы мал базарынын жетекчилигине тапшырылсын.
3. Токтоммдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештын мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имомов |