Загрузка документа…
ЖАҢЫ- НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын 32-сессиясы
2016-жылдын 15-сентябры № 9
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын тургундарынын 2016-жылдын 30-августундагы № 1 Дөң-Кыштак айылынын Темир Корук жолундагы көчөнүн атын Байматов Тешабайдын атына ыйгаруу жөнүндөгү токтому тууралуу
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөн-Кыштак айылынын тургундарынын 2016-жылдын 30-августундагы № 1 Дөң-Кыштак айылынын Темир Корук жолундагы көчөнүн атын Байматов Тешабайдын атына ыйгаруу жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап Ленин орденинин кавалери Байматов Тешабайдын үзүрлүү эмгектерин айыл жаштарына жеткирүү максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы" жөнүндөгү мыйзамын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөн-Кыштак айылынын тургундарынын 2016-жылдын 30-августундагы № 1- токтомунун негизинде Дөң-Кыштак айылынын Темир Корук жолундагы көчөнүн аты Байматов Тешабайдын атына ыйгарылсын.
2. Аталган көчөдө жайгашкан турак жай жана имараттарды номерациялоо, керектелүүчү көрсөткүчтөрдү орноту иштерин уюштуруу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имомов |