Загрузка документа…
ЖАҢЫ- НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын 33-сессиясы
2016-жылдын 26-октябры № 2
Темир-Корук орто мектебинин аталышын Эшматов Аттокурдун атына ыйгаруу тууралу Темир -Корук айылынын тургундарынын №1 жана Темир -Корук орто мектебинин педагогикалык кеңешинин 2016-жылдын 28- июнундагы №1 жалпы чогулушунун протоколу жөнүндө
Темир Корук орто мектебинин аталышын Эшматов Аттокурдун атына ыйгаруу тууралу Темир -Корук айылынын тургундарынын 2016-жылдын 25-октябрындагы №1 жана Темир -Корук орто мектебинин педагогикалык кеңешинин 2016-жылдын 28- июнундагы №1жалпы чогулушунун протоколун карап чыгып жана талкуулап Темир Корук мектебинде үзүрлүү эмгектенген педагог Эшматов Аттокурдун өмүр жолун жаштарга үлгү болушу максатында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына негиз кылып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаныясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Темир-Корук айылынын тургундарынын жана Темир -Корук орто мектебинин педагогикалык кеңешинин жалпы чогулуштарын протоколунун негизинде Темир Корук орто мектебинин аталышын Эшматов Аттокурдун атына ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде керектелүүчү иш кагаздарды даярдап берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имомов |