Загрузка документа…
ЖАҢЫ- НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын 33-сессиясы
2016-жылдын 26-октябры № 3
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Сурпа- Таш бөлүмүндөгү айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фонд жери эсебиндеги 12 га кайрак айдоо жер аянтын бак дарак жер аянтынын категориясына которуу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылынын Сурпа-Таш бөлүмүндө жайгашкан айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрү фонд жеринын эсебиндеги пайдаланууга жараксыз экономикалык жактан ынгайсыз 12 га кайрак айдоо жер аянтын, өздөштүрүп,суу чыгарып бак-дарак жерге айлантыруу боюнча айыл тургундары тарабынан 2016-жылдын 19-октябрындагы № 269 санду каттоо менен катталган сунушту карап чыгып, айыл тургундары бул ишти иш жүзүнө ашыруу үчүн материалдык-техникалык базасы бар экендигин карап чыгып Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19- мартиндагы "жер участокторун трансформациялоо жөнүндөгү убактылуу Жобога негиз кылып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылынын Сурпа-Таш бөлүмүндө жайгашкан айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрү фонд жери эсебиндеги пайдаланууга жараксыз экономикалык жактан ынгайсыз 12 га кайрак айдоо жер аянтын, өздөштүрүп,суу чыгарып бак дарак жер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылынын Сурпа-Таш бөлүмүндө жайгашкан айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрү фонд жеринын эсебиндеги пайдаланууга жараксыз экономикалык жактан ынгайсыз 12 га кайрак айдоо жер аянтын бак дарак жер категориясына которуу боюнча тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имомов |