Загрузка документа…
ЖАҢЫ- НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Ноокат айылдык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын 33-сессиясы
2016-жылдын 26-октябры № 4
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы " Малина" балдар бакчасынын сураныч катын канааттандыруу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү айыл аймагынын Жандама айылынын Даштубала бөлүмүндө 2016-жылдын октябрь айындан баштап,Н Найманбаев атындагы толук эмес орто мектеби алдында, " Малина" балдар бакчасы уюштурган. Азыркы күндө 50 бала тарбияланып жатат. Балдар бакчасында иштеп жаткан тарбиячылардын эмгек акысын толоп берүүдө Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетынде жетышсыз экендигин эсепке алып балдар бакчасынын кызматкерлеринин эмгек акысын мамлекеттик бюджет эсебинен каржылоосуна өткөрүп берүү боюнча маселени карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылынын Даштубала бөлүмүндө Н Найманбаев атындагы толук эмес орто мектебинин алдында уюштурулган" Малина " балдар бакчасында иштеп жаткан тарбиячылардын эмгек акысын төлөп берүүдө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жетишсиздигин эсепке алып, мамлекеттик бюджеттен каржыланышына сунуш берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын. .
2. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылынын Даштубала бөлүмүндө Н Найманбаев атындагы толук эмес орто мектебинин алдында уюштурулган " Малина " балдар бакчасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн керектелүүчү каражаттар Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылансын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүна тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имомов |