Загрузка документа…
ЖАҢЫ- НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын 33-сессиясы
2016-жылдын 26-октябры № 5
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы " Рахат -Таңы" МЧББ мекемесинин сураныч катын канааттандыруу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү айыл аймагынын Темир-Корук айылында 2016-жылдын сентябрь айындан баштап, " Рахат -Таңы" М Ч Б Б мекемесинде 25 баладан турган кошумча тайипа уюштурулган. Азыркы күндө бул мекемеде 75 бала тарбияланып жатат. МЧББ мекемесинде иштеп жаткан тарбиячылардын эмгек акысын толоп берүүдө Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетынде жетишсиз экендигин эсепке алып МЧББ мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысын мамлекеттик бюджет эсебинен каржылоосуна өткөрүп берүү боюнча маселени карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Темир-Корук айылында уюштурулган " Рахат- Таңы " МЧББ мекемесинде иштеп жаткан тарбиячылардын эмгек акысын төлөп берүүдө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жетишсиздигин эсепке алып, мамлекеттик бюджеттен каржыланышына сунуш берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын. .
2. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Темир -Корук айылында уюштурулган " Рахат -Таңы " МЧББ мекемесинин материалдык-техникалык базасын чыөдоо үчүн керектелүүчү каражаттар Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылансын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имомов |