Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-июну № 30/1
Кароол айыл аймагынын Күнгөй участкасынын жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу жайыт жерлерин жылкы, кара мал, кой, эчкилерди эмдөө үчүн 0,50 га жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесине таянып Кароол айыл аймагынын Күнгөй участкасынан жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу жайыт жерлеринен жылкы, кара мал, кой, эчкилерди эмдөө үчүн 0,50 га жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515-токтомуна ылайык Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 30-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл аймагынын Күнгөй участкасынын жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу жайыт жерлерин жылкы, кара мал, кой, эчкилерди эмдөө үчүн 0,50 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Мамкаттоодон өткөрүүгө тийиштүү иш кагаздарын (корутунду алуу, уруксат алуу ж.б.) Кыргыз Республикасынын аракеттеги Мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.А.Сайитовго жүктөлсүн.
3. Кароол айыл аймагындагы ветеринардык курулуштарды (өлүмдүк малдарды көмүүчү жай, малдарды жуунтуучу жай, малдарды жасалма уруктандыруучу жай) куруу боюнча конкреттүү сунуштарды берүү жагы Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.А.Сайитовго жүктөлсүн.
4. Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери » боюнча туруктуу комиссиясына ( Анаркулов Т.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Акматалиев |