Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-августу № 32/1
Кароол айыл аймагынын 2016-2018-жылдарга карата айыл аймагын өнүктүрүү боюнча Стратегиялык планынын долбоорун бекитүү жөнүндө
Кароол айыл аймагынын 2016-2018-жылдарга карата БУУ «Ош облусун комплекстүү өнүктүрүү» программасынын алкагында айылдарды социалдык – экономикалык жактан өнүктүрүүгө даярдалган Стратегиялык өнүгүү планынын долбоору боюнча билдирүүлөрүн угуп, кызуу талкуулап жана ишке ашыруу максатында Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 32-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл аймагынын 2016-2018-жылдарга карата айыл аймагын өнүктүрүү боюнча Стратегиялык планынын долбоору жактырылсын жана алымча- кошумчасы менен бекитилсин.
2. 2016-2018-жылдарга карата айылдарды өнүктүрүү боюнча Стратегиялык өнүгүү планынын аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сайитовго тапшырылсын
3. 2016-2018-жылдарга карата айылдарды өнүктүрүү боюнча Стратегиялык өнүгүү планды ишке ашыруу максатында айыл өкмөтүнө төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
Стратегиялык өнүгүү планынын негизинде жыл сайын жылдык социалдык – экономикалык өнүгүү планын (анын ичинде экономикалык божомол) анын иш-чараларын иштеп чыксын жана аны ишке ашырсын;
4. Бир жылдык социалдык-экономикалык планынын аткарылуусу жөнүндө отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-кварталында атуулдук коомдун катышуусунда айылдык кеңештин сессиясында айыл өкмөтүнүн отчету угулсун;
5. Кароол айыл аймагынын Өнүгүү комитетинин (Уюштуруу тобунун) Жобосун иштеп чыксын жана курамын бекитсин.
6. Кароол айылдык Кеңешинин 2016-жылга карата иш-планынын долбоору бекитилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына жүктөлсүн.
Төрага | А. Акматалиев |