Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-августу № 32/5
“Кароол айыл өкмөтүнүн Шералы айылынын Сай участкасындагы И.Акматованын жана К.Акматовдун жеке менчик жер участогундагы бузулуп кеткен курулуш объектилер ордуна жеке –менчик турак- жай куруу үчүн түзүлгөн башкы планын бекитип берүү жөнүндө”
Кароол айыл өкмөтүнүн Шералы айылынын Сай участкасындагы И.Акматованын жана К.Акматовдун жеке менчик жер участогундагы бузулуп кеткен курулуш обьектилер ордуна жеке –менчик турак- жай куруу үчүн Кыргыз илим изилдөө архитектура жана шаар куруу боюнча долбоорлоо институтунун Оштогу филиалы тарабынан түзүлгөн башкы пландары менен таанышып чыгып жана айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп талкуулап Кароол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүнүн Шералы айылынын Сай участкасындагы И.Акматованын 1,20 га жана Акматовдун 1,24га жеке менчик жер участогундагы бузулуп кеткен обьектилердин ордуна жеке -менчик турак-жай куруу үчүн жер аянтына Кыргыз илим изилдөө архитектура жана шааркуруу боюнча долбоорлоо институтунун Оштогу филиалы тарабынан түзүлгөн № жана № 08-13 шифлүү башкы планы бекитилип берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер аянтынын тийиштүү иш- кагаздарын даярдап берүү жагы Өзгөн райондук шааркурулушу жана архитектура башкармалыгы ( Н. Абдыкаримов) жана Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы (Ж.Ибраимов ) суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кароол айылдык кеңештин жер, турак -жай жана комуналдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын ( төрагасыТ.Анаркулов ).
Төрага | А. Акматалиев |