Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-августу № 32/6
Кароол айыл аймагындагы жаңы көчөлөргө аттарды ыйгаруу менен ысымдарды түбөлүккө калтыруу жөнүндө
Кароол айыл аймагындагы көчөлөргө аттарды ыйгаруу менен ысымдарды түбөлүккө калтыруу жөнүндөгү маселе Кароол айылдык кеңешинин Кароол айыл аймагындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча убактылуу комиссиясында каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна, Кароол айылдык кеңешинин Регламентине жана “Кароол айыл аймагындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндөгү” Жобого ылайык Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 32- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.1) Шералы айылында жайгашкан жаңы көчөгө маркум Досуев Турдубайдын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын ( Досуев Замирдин үйүнөн Жолдошбаева Алмакандын )үйүнө чейин.
2) Шералы айылында жайгашкан жаңы көчөгө маркум Абдуллаев Маметтин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын( Исаков Абдимиталдын үйүнөн Абдразаков Абдыжапардын )үйүнө чейин.
3) Кароол айылында жайгашкан жаңы көчөгө Солтонов Байболоттун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын (Кулбай көчөсүнөн Айдаров) көчөсүнүн кесилишине чейин.
4) Кароол айылында жайгашкан жаңы көчөгө маркум Олжобаев Мухаммедшакирдин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын ( Айдаров көчөсүнөн Мойдун) көчөсүнө чейин.
5) Мырза-Арык айылында жайгашкан жаңы көчөгө маркум Дубанаев Чыйбылдын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын (катар номер Шамшиев Поллоттун үйүнөн башталып _____ үйүнө чейин).
6) Мырза-Арык айылында жайгашкан жаңы көчөгө маркум Баргыбаев Аттокурдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын (катар номер Турганбаев Темирдин үйүнөн Арзыматов Аваздын үйүнө чейин).
7) Мырза-Арык айылындагы жайгашкан –жаны көчөгө маркум Амиракул уулу Мамайдын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын
8) Кароол айылында жайгашкан жаны көчөгө маркум Торутаев Турдумаматтын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын ( катар номери Сатыбалдыев Жолболдунун үйүнөн Айылчиев Исламдын) үйүнө чейин.
2. Көчөнүн атын өзгөртүүдө каралуучу каражаттар көчөгө аты коюлган адамдардын тууган-уруктарынын эсебинен чыгымдалсын жана көчөнүн тазалыгына ж.б. көз салуу аларга тапшырылсын.
3. Ыйгарылуучу атоолорду мамлекеттик органдын тийиштүү аймактык бөлүгүндө каттоодон жана учеттон өткөрүү боюнча иш алып баруу Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сайитовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына (А. Суранбаев.) тапшырылсын.
Төрага | А. Акматалиев |