Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-августу № 32/8
Кароол айыл өкмөтүнүн ички жана тышкы жайыттарга болгон ыйгарым укугун 2009-жыл 26-январындагы жайыт Мыйзамынын 30-беренесине ылайык өткөрүп берүү жөнүндө
Кароол айыл өкмөтүнүн ички жана тышкы жайыттарга болгон ыйгарым укугун 2009-жыл 26-январындагы жайыт Мыйзамынын 30-беренесине ылайык өткөрүп берүү жөнүндө маселени талкуулап Кароол айылдык кенешинин 32-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүнө караштуу ички жайыт 2666га, сырткы жайыт 1245га, жалпы аянты 3603 га түзөт. Кароол айыл өкмөтүнө караштуу жайыт башкаруу укугун 2009-жыл 26-январындагы жайыт Мыйзамынын 30-беренесине ылайык Кароол жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү сунушталсын.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына (Анаркулов Т.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Акматалиев |