Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-августу № 32/9
Кароол айыл өкмөтүнүн Жанчукур жайытынын 2016-жыл учун жайыт төлөмүн кыскартуу жөнүндө
Кароол айыл өкмөтүнө караштуу Жанчукур жайытынын жайыт төлөм акысын “Сибирь жарасы” чыкканына байланыштуу мал жаюу токтотулган. Ошого байланыштуу 2016-жыл үчүн Жайыт төлөмүн кыскартуу жөнүндө маселе Кароол айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы П.Калматовдун сунуш катынын негизинде Кароол айылдык “Айыл суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияда” каралып, комиссиянын курамынын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Жайыт жөнүндө Мыйзамынын негизинде Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 32 – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүнүн Жанчукур жайытында “Сибирь жарасы” бар болгондугуна байланыштуу жайыт төлөмүнөн 2016-жыл үчүн кыскартылсын.
2. Токтомдун аткарылышн көзөмөлдөө жагы айыл суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияна ( Т. Анаркулов) тапшырылсын.
Төрага | А. Акматалиев |