Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-ноябры № 33/1
Социалдык тармактагы мекемелердин 2016-2017-жаңы окуу жылына жана кышка даярдыгы жөнүндө
Кароол айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык тармактагы мекемелердин 2016-2017-жаңы окуу жылына жана кышка даярдыгы жөнүндөгү маселеси «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын, Кароол айылдык кеңешинин «социалдык маселелер жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясында каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кароол айылдык кеңешинин кезектеги 32- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүнүн аймагындагы орто мектептердин жана бала бакчалардын 2016-2017-жаңы окуу жылына даярдыгы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Мектептердин жана бала бакчаларынын көмүр отун менен камсыз кылуу жагы айыл Кароол өкмөтүнүн башчысы Р.Сайитовго милдеттендирилсин.
3. Бүтпөй калган имараттарды толук бүтүрүү үчүн акча каражатынан жардам берүү, окутуу үчүн кошумча имараты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Социалдык маселелер жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Акматалиев |