Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-ноябры № 33/2
Кароол айыл өкмөтүнүн экономикалык-пландоо аймагын аймактык “К” коэффициентин чегерүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн райондук башкармалыгынын 2014-жылдын “___” – сентябрындагы № 07-01-06/566 көрсөтмөсү жөнүндө маселе «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссияда каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кароол айылдык кеңешинин кезектеги 33- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Экономикалык-пландоонун аймактык коэффициенти “К” 1,2 ге барабар деп кабыл алынсын.
2. Бул токтом жер салыгын эсептөөдөгү салык чегерүү 2017-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.
3. Токтом массалык маалымат каражатында чагылдырууга жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөгө алуу жагы «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы А. Амиракуловго, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына (О.Рысалиев) тапшырылсын.
Төрага | А. Акматалиев |