Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-ноябры № 33/5
Кароол айыл өкмөтүнүн Шералы аймагынын Сай участкасындагы Сатимбаев Оморжандын жана Усманов Юнустун жеке менчик участогундагы бузулуп кеткен обьектилердин ордуна жеке менчик турак жай куруу үчүн түзүлгөн башкы планын бекитип берүү жөнүндө
«Кароол айыл өкмөтүнүн Шералы аймагынын Сай участкасындагы Сатимбаев Оморжандын жана Усманов Юнустун жеке менчик участогундагы бузулуп кеткен обьектилердин ордуна жеке менчик турак жай куруу үчүн айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын негизинде Кароол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүнүн Шералы айылынын Сай участкасындагы Сатимбаев Оморжандын 0,24га жана Усманов Юнустун 0,30га жеке менчик участогундагы бузулуп кеткен обьектилердин ордуна жеке менчик турак жай куруу үчүн уруксат берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер аянтынын тийиштүү иш - кагаздарын даярдап берүү жагы Өзгөн райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан ( Н.Абдыкеримов ) жана Кароол айыл өкмөтүнүн жер балансасына өзгөртүү жагы Өзгөн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катто боюнча башкармасынан ( Ж. Ибраимов ) суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кароол айылдык Кеңешинин жер, турак жай жана комуналдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы Т Анаркулов ) тапшырылсын .
Төрага | А. Акматалиев |