КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин V чакырылыштагы кезексиз 33- сессиясы
2016-жылдын 5-ноябры № 33/8
Ош областык жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы менен Кароол айыл өкмөтүнүн ортосунда нотариалдык аракеттерди жүргүзүү боюнча түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Ош областтык жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы менен Кароол айыл өкмөтүнүн ортосунда нотариялдык аракеттерди жүргүзүү боюнча түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап КР нын «Нотариат жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамына ылайык Кароол айылдык Кеңешинин кезектеги 33- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нотариалдык мамилелерди жүргүзүү боюнча Ош областтык жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы менен Кароол айыл өкмөтүнүн ортосунда нотариалдык аракеттерди жүргүзүү боюнча түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук,тартипти чындоо, этика, маданият, жаштар жана спорт боюнча комиссиясына (А. Суранбаевге) жүктөлсүн.
Төрага | А. Акматалиев |