КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин V чакырылыштагы кезексиз 33- сессиясы
2016-жылдын 5-ноябры № 33/10
Кароол айыл аймагындагы жаңы көчөлөргө аттарды ыйгаруу менен ысымдарды түбөлүккө калтыруу жөнүндө
Кароол айыл аймагындагы көчөлөргө аттарды ыйгаруу менен ысымдарды түбөлүккө калтыруу жөнүндөгү маселе Кароол айылдык кеңешинин Кароол айыл аймагындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча убактылуу комиссиясында каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна, Кароол айылдык кеңешинин Регламентине жана “Кароол айыл аймагындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндөгү” Жобого ылайык Кароол айылдык кеңешинин кезектеги 33- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.1) Мырза-Арык айылында жайгашкан жаңы көчөгө маркум Кочкорбаев Болбурдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын (катар номер Зиядинов Акылбектин үйүнөн башталып, Максутов Нурланбектин үйүнө чейин).
1.2. Мырза-Арык айылында жайгашкан жаңы көчөгө маркум Абдуллаев Анарбайдын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын (катар номер Өмүрзаков Махмуттун үйүнөн башталып, Азизов Маматалымдын үйүнө чейин).
2. Көчөнүн атын өзгөртүүдө каралуучу каражаттар көчөгө аты коюлган адамдардын тууган-уруктарынын эсебинен чыгымдалсын жана көчөнүн тазалыгына ж.б. көз салуу аларга тапшырылсын.
3. Ыйгарылуучу атоолорду мамлекеттик органдын тийиштүү аймактык бөлүгүндө каттоодон жана учеттон өткөрүү боюнча иш алып баруу Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сайитовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына (А. Суранбаев.) тапшырылсын.
Төрага | А. Акматалиев |