Редакцияот 05.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кароол айылдык кеңешинин V чакырылыштагы кезексиз 33- сессиясы

 

2016-жылдын 5-ноябры № 33/11

Кароол айыл аймагынын Шералы айылындагы Маданият үйүнө мамлекеттик жана коомдук ишмер Зуура Нурматованын ысымын ыйгаруу менен ысымын түбөлүккө калтыруу жөнүндө

Кароол айылдык кенешин Кароол айыл аймагындагы топонимика жана атын түбөлүктү калтыруу боюнча комиссиясында каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна, Кароол айылдык кенешинин Регламентине жана «Кароол айыл аймагындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндөгү Жобого» ылайык Кароол айылдык кенешинин кезектеги 33-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароол айыл аймагындагы Шералы айылынын Маданият үйүнө мамлекеттик жана коомдук ишмер Зуура Нурматованын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын.

2. Ыйгарылуучу атоону мамлекеттик органдын тийиштүү аймактык бөлүгүнө иш-кагаздарын бүтүрүп жана каттоодон өткөрүү боюнча иш алып баруу Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.А.Сайитовго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына (Суранбаев А.С.) тапшырылсын.

 

Төрага

А. Акматалиев