Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-январы № 3-1
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 26-январынын №1 протоколун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндөгү мыйзамына ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 26-январынын №1 протоколун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндөгү мыйзамына ылайык Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Миңбаев Саттарали Мукумович шайланды деп эсептелсин.
2. Козуев Ниязбек Эгемкулович башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Көк-Жар айылдык өкмөтүнүн башчылык кызматынан бошотулсун.
3. Ушул токтомдун көчүрмөлөрү Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
Төрага | Н. Туманов |