Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-февралы № 4-1
Кыргыз Республикасынын "Тянь Шань Голд" жоопкерчилиги чектелген коомуна КөкЖар айыл өкмөтүнүн Улуу тоо жеринин Курбан-Булак аймагынын кен байлыктарына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүсүнө уруксат берүү жөнүндө
"Тянь-Шань Голд" жоопкерчилиги чектелген коому Жылгын-Сай аймагынан Курбан-Булак участкасында кен байлыктарды изилдоо боюнча геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү тууралуу айылдык кеңешинин депутаттарынын ой-пикирин жана сунуштарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын жер боюнча мыйзамдарына негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылгын-сай аймагындагы, Курбан-Булак участкасынын чектеринде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында, ОСОО "Тянь-Шань Голд" коому жер казынасын пайдалануу укугун берген АП №5138 от 26 декабрь 2016 жылдагы лицензиясына макулдук берилсин
2. Кыргыз Республикасынын жер боюнча мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы, "Тянь-Шань Голд" жоопкерчилиги чектелген коомуна жүктөлсүн..
3. Жер казынасын пайдалануу укугуна ээ лицензияларды кармоо үчүн төлөмдү жана салыктарды өндүрүү Көк-Жар айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | И. Калбаев |