Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-февралы № 4-3
Көк-Жар айыл аймагында бодо малдарын идентификациялоо иштерин жүргүзүүдө тарифтерди бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагында бодо малдарын идентификациялоо иштерин жүргүзүүдө тарифтерин бекитип берүү жөнүндөгу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башкы ветеринардак адиси К. Сатаровдун 2016-жылдын 30-январындагы сунуш каты айылдык кеңештин депутаттары тарабынан талкууланып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндөгү" мыйзамына негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагында бодо малдарын идентификациялоо иштерин жүргүзүүдө тарифтерин бекитип берүү жөнүндөгу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башкы ветеринардак адиси К. Сатаровдун 2016-жылдын 30-январындагы сунуш каты колдоп кубатталсын.
2. Бодо малдарды идентификациялоо боюнча Көк-Жар айыл өкмөтү пилоттук проектисине киргендигине байланыштуу, бодо малдарга номер коюуу учурунда, төмөнкү тарифтердин бекитилишине макулдук берилсин:
-Кара малдын эки кулагына басылуучу бирканын баасы -37,76 сом
-Ветеринардык адистин кызмат акысы прейскурантка негиз алынсын.
3.Депутаттардын макулдугу менен бекитилген тарифине ылайык иш алып баруу жагы Көк-Жар айыл аймагынын бардык ветеринардык адистерине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Туманов |