Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-февралы № 5-2
Көк-Жар айылөкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетин жана 2018-2019-жылдарга карата бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айылөкмөтүнүн 2017-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2017-жылга Республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоору тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилеринин экономика жана бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын " Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" мыйзамынын 27-статьясынын 4-пунктуна жана 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылга Көк-Жар айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 18277,6 миң (он сегиз млн. эки жүз жетимиш жети миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2017-жылга айылдык бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
-Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2017-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде ошону менен бирге биринчи кезекте каралган беренелер боюнча (эмгек акы, соц фондго чегерүү, тамак-аш жана комуналдык кызматтарга ) каржылануусу белгиленсин.
3.Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.
- Кирешенин болжолу 2018-жылга 22280,9 миң (жыйырма эки млн. эки жүз сексен миң тогуз жүз) сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 4439,4 миң сом менен) жана 2019-жылга 22700,9 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 4439,4 миң сом менен) белгиленсин.
-Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.
4. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген омчомунан ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык буюжеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.
5. Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
6. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын "Кыргыз республикасынын 2017-жылга республикасынын бюджетинин 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү" мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайызы республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.
7. 2017-жылдын 1-январына карата айылдык бюджет боюнча жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча мин сом суммасында белгиленсин
8. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:
-Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
-ченемдик укуктук актыларды өзгөртүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө:
-киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча тушкон каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароого:
9. 2016-жылга айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарыынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүжана өзгөртүү киргизүү айыылдык кеңешке ыйгарылсын.
10. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансылык -экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана ФЭБнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
11. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү 21236,8миң сомго, чыгаша бөлүгү 22282,6 миң сомго жана кирешенин чыгашадан сомго артыкчылыгы менен аткарылгандыгы №4,5 тиркемеге ылайык белгиленсин.
12. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1- январына айылдык бюджеттин калдыгы 3218,3миң сом.
13. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1- январына айылдык бюджеттин калдыгы 2172,5миң сом
14. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1- январына айылдык бюджеттин атайын каражаттарынын 2016-жылдын 1-январына болгон калдыгы 160835 миң сом. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү 1743,8миң сомго, чыгаша бөлүгү 1855,6 миң сомго, калдыгы 2017-жылдын 1- январына болгон калдык 49,1 миң сом
15. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Туманов |