Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 22
Теплоключенка айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
2016-жылга Теплоключенка айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө каржы бөлүмүнүн башчысы Д.Абдыкеримованын билдирүүсүн, бюджет,финансы, экономика жанаөндүрүш тармактагы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж. Маткеримовдун кошумча маалыматын угуп, талкуулап, ошондой эле 2016-жылга Кыргыз Республикасынын републикалык бюджети жөнүндө Мыйзамын жетекчиликке алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер жана чыгымдар боюнча 24068,3 миң сом көлөмүндө бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттен 2016- жылга каржылануучу чыгымдардын көлөмү бекитилсин.
3. Айыл чарба жерлерин , айыл чарба багытында болбогон жерлерди , жер участкаларын пайдалануу үчүн жер салыктары, ыктыярдуу патенттин негизинде салык, транспорттук каражаттарга салык, салык агенти төлөөчү киреше салыгы, сатуудан салык жана юстиция органдары алуучу мамлекеттик алымдар, жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн өлчөмдөрү бекитилсин.
4. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу эмгек акы фондусунун чектелген көлөмдөрү бекитилсин.
5. Айыл өкмөтүнө бюджеттеги каралган кирешелерди жана чыгымдарды толук аткарууга багытталган иш-чараларды регулярдуу түрдө ишке ашыруу милдеттендирилсин.
6. 2016-жылы бюджеттен каржылоо, түшкөн кирешелердин көлөмүндө жүргүзүлөөрү жана биринчи кезекте эмгек акы төлөөгө, социалдык фондго төгүмдөр,тамак-аш азыктарын алуу, коммуналдык кызмат көрсөтүү жана жеңилдиктерге каралган чыгымдарды каржылоого жумшалсын.
7. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин атайын каражаттарын казыналыктан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Казыналыктан тышкары пайдаланган каражаттар тиешелүү деңгээлдеги бюджеттерге алынышы бекитилсин.
8. Айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн кызматкерлери МАИ кызматкерлери менен бирдикте транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салыктан чегерүүлөрдүн тизмесин толук тактап чыксын.
9. Ишкердик ишин жүргүзүү үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык , каржы бөлүмүнүн кызматкерлери Ж.Тыныкеева жана Г.Жаныбековага жүктөлсүн.
10. Айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана коммуналдык чарба боюнча кызматкери райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катоо боюнча башкармалыгы менен кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилген жер аянттары 1-июнга карата тактап, түзүлгөн келишимдер боюнча тиешелүү маалыматтар айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнө тапшырууга милдеттендирилсин.
11. 1-январь 2016-жылга карата калган бош калдык 1008,5 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
12 .1-январь 2016-жылдан баштап айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн коэффицент Кз, 1,2 өлчөмү бекитилсин.
13. Ушул токтом райондук «Ак-Суу баяны» гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин, Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын.
14. Токтом ММКна басылып чыккан күнү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштыруу үчүн жиберилсин, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
15. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнө жана көзөмөлдө жагы кеңештин бюджет, финансы, экономика жана өндүрүш тармактагы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Маткеримовго жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |