Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-марты № 24
Мал багуу акыларын бекитүү жөнүндө
КыргызРеспубликасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылы мал багуу акылары төмөндөгүдөй бекитилсин:
Бадага чыгуучу малдын башына 1 айга 400 сом;
Жайлоодо багуу үчүн айына бир башка:
жылкыга 300 сом
бодо малга 300 сом
кой/эчкиге 60 сом. биринчи ай, калган айлар 50 сомдон.
2. Жайыт акысын чогултуп, жайыт комитетине төгүү мал багуучуга жүктөлсүн жана жакынкы жайыттардан 15-апрелге чейин көчүп кетүү, 10-октябрга чейин көчүп келбөө милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай, коммуналдык чарбадагы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.О.Бекиевге жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |