Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-марты № 26
Жеке менчик мал дарыгерлери тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке менчик мал дарыгерлери тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын акысы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн ветврачы Ч.О.Төрөевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай, коммуналдык чарбадагы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.О.Бекиевге жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |