Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-марты № 27
Айыл өкмөтүнүн алдында жергиликтүү бюджеттин эсебинен эки бирдик ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги №72 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын, «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө» стратегиясын, элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын, “Стабилдүүлүк, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” программасын ишке ашыруу максатында, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн алдында жергиликтүү бюджеттин эсебинен келишимдин негизинде эмгек маянасы 6000 (алты миң) сом менен төмөндөгүдөй эки бирдик ачууга макулдук берилсин:
- мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын программаларын, концепцияларын ишке ашыруу үчүн бир бирдик;
- Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис-программист бир бирдик.
2. Каржылоо маселесин чечүү боюнча сунуш даяардоо жагы бюджет, финансы, экономика жана өндүрүш тармактагы маселелери боюнча туруктуу комиссияга (Ж.С.Маткеримов) жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана өндүрүш тармактагы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.С.Маткеримовго жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |