Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-марты № 28
Өндүрүштүк муктаждыка байланыштуу акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана өндүрүш тармактагы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2016-жылдын 28-мартындагы №3 протоколунун негизинде, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Киров атындагы гимназия-мектебинин 2231 статьясынын 22311200 “Электр энергиясына акы төлөө” элементинен 150.0 миң сом ушул эле бөлүкчүгө IV-кварталдан 1-кварталга жана “Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” бөлүмүнүн 3112 статьясынын 31121290 “Башка транспорт каражаттарын алуу” элементинен 56.0 миң сомду IV-кварталдан II-кварталга С.Киров атындагы гимназия-мектебине МерсиКо гранты аркылуу ашканага (оборудование) каражаттары алынып жаткандыгына байланыштуу өздүк каржылоого (софинансирование) 3112 статьясынын 31123290 “Башка эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу” элементине жылдырылып берилсин.
2. “Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр”бөлүмүнүн 3112 статьясынын 1290 “Башка транспорт каражаттарын алуу” элементинен 200.0 миң сомду IV-кварталдан I-кварталга ушул эле бөлүкчөнүн 2215 статьясынын 4900 “Башка кызмат көрсөтүүлөгө акы төлөөгө байланыштуу башка чыгашалар” элементине жылдырып берилсин. Ушул эле бөлүкчөнүн 3113 статьясынын 31131230 “Малды сатып алуу” элементинен 150.0 миң сомду III-кварталдан I-кварталга жылдырып берилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Д.С.Абдыкеримовага милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана өндүрүш тармактагы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.С.Маткеримовго жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |