ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Теплоключенка айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз сессиясы
2016-жылдын 31-марты № 29
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-июлу № 139 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июлундагы №302 “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун негизинде айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин” карап, талкууга алып, айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | К.С. Джаныбеков |