Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-марты № 30
Калкка мал тууралуу маалымкат жазып берүүгө квартал башчыларына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-июлу № 139 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июлундагы №302 “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун негизиндеайылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калкка мал тууралуу маалымкат жазып берүүгө квартал башчыларына макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Р.К.Садырова, жооптуу катчы Б.Р.Джумабаева милдеттендирилсин: квартал башчыларына күбөлүктөрдү даярдап берүү, окуу-семинар уюштуруу.
3. Айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Д.С.Абдыкеримова милдеттендирилсин: мөөрлөрдү даярдоо жана ай сайын маалымкаттарды берүү жана отчетторду алуу.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | К.С. Джаныбеков |