Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-марты № 31
Айыл аймакты көрктөндүрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймакты көрктөндүрүүнүн тартиби бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер (маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм, спорт, жаштар жана гендердик саясат) боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.К.Абыкеевага жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |