Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-январы № 1
Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСинин объектилеринин жана айыл чарба багытындагы жерлерди сугаруу үчүн арналган сугат тутумдарынын(мелиорация системаларынын)курулушуна бөлүнүүчү жер аянттарынын категорияларын которууга макулдук берүү жөнүндө
“Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСинин объектилеринин курулушуна Эмгек-Талаа айыл аймагына тийиштүү жер аянттары боюнча ушул эле айыл аймагынын 2020-жылдын 20-январындагы жалпы элдик чогулушунун чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 13-беренесинежана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” убактылуу жобосуна таянып, Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XXV сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСинин курулушуна бөлүнүп берилүүчүжайыт 50,4 га, токой аянттары 0,4 га, дарактар-бадалдар 4,6 га, суу астында 0,2 га, башка жерлер 7,4 га, жалпы 63,0 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан суу фондусунун жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
2. “Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСинин курулушуна бөлүнүп берилүүчү сугат айдоо 36,14 га, жайыт 22,82 га, дарактар-бадалдар 2,3 га, башка жерлер 0,6 га, жалпы 61,86 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
3. “Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСинин курулушуна бөлүнүп берилүүчүжалпы 1,5 га жер суу фондусунун жерлери категориясынан өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
4. Ушул токтомдун 1, 2, 3-пункттарында көрсөтүлгөн аянт 126,36 га жердин категориясынкоторуунун негизи: “Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коому кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСин жана сугат жер аянттарын 4650 гектардан 6769 гектарга жеткирүүгө жана эффективдүү эмес насостук станцияны жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк жарата турган айыл чарба багытындагы жерлерди сугаруу үчүн арналган сугат тутумдарын (мелиорация системаларын) куруу.
5. Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготуулары жана алынбай калган пайданы мыйзам чегинде толтуруп берүү жагы сунушталсын.
6. Убактылуу курулуучу объектилердин жер аянттарын тактап берүү “Нарын” өндүрүштүкишканасы” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан сунушталсын.
7. Убактылуу бөлүнүп берилген жер аянты иштетилип, гидроэлектростанция курулуп бүтөрүменен (рекультивацияланары менен), мурдагы калыбына келтирилип, сугат тармактарын оңдоп, айыл өкмөтүнүн карамагына кайра өткөрүлүп берилиши “Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коомуна милдеттендирилсин.
8. Токтомдо белгиленген пункттар өз убагында толук аткарылбаса, ар кандай өзгөрүүлөр жана кырдаалдар пайда болгон учурда ушул токтомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
9. Ушул токтомдуНарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо ишиЭмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Осмоновага милдеттендирилсин.
10. Ушул токтом Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп,emgektalaa.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төраганын орун басары | А. Исаков |