Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-февралы № 1
Эмгек-Талаа айыл аймагынын “Айылды инвестициялоо 3 долбоору” Эмгек-Талаа айыл аймагындагы демилгелүү топтор аныктап чыккан көйгөйлөрдү аныктап берүү жөнүндө
“Айылды инвестициялоо 3 долбоору” Эмгек-Талаа айыл аймагындагы демилгелүү топтор аныктап чыгып, элдик жыйналышта көпчүлүк аркылуу жактырылып, артыкчылык берилип талаш тартыш болгондугуна байланыштуу 5 долбоордун ичинен 2 долбоорду аныктап берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС программасына Эмгек-Талаа айыл аймагынын Эмгек-Талаа айылына клуб имаратын куруу боюнча чон долбоор бекитилсин.
2. Кичи долбоорго Эмгек-Талаа айыл аймагынын Ак-Талаа айылындагы “Ак-Талаа-келечеги” балдар бакчасынын имаратын ремонттоо бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Эмгек-Талааа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновага милдеттендирилсин.
Төрага | Болот уулу Денисак |