Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХVIII сессиясы
2020-жылдын 7-апрели № 4
Эмгек-Талаа айыл аймагында спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүү жөнүндө
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-март №28 буйругунун негизинде түзүлгөн штабдын 7-апрель 2020-жылдагы отурумунун № 5 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 15-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын
статусу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 15-пунктуна ылайык Эмгек-Талаа айыл аймагындагы соода кылуучу дүкөндөр эртен мененки саат 8-00 дөн кечки саат 18-00 чейин соода кылууга чектөө киргизилсин.
2. Эмгек-Талаа айыл аймагындагы соода кылуучу дүкөндөр Эмгек-Талаа айыл
аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-март №28 буйругунун негизинде түзүлгөн штабдын 7-апрель 2020-жылдагы отурумунун № 5 протоколунун негизинде Коронавирус илдетин алдын алуу жана Жарандык коргонуунун башкарууну уюштуруу иштери бүткөнгө чейин спирт ичимдиктерин сатпоого чектөө киргизилсин.
3. Бул токтомго ылайык иш алып баруу жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн
башчысы А.Осмоновага тапшырылсын.
Төрага | Болот у Денисак |